География:АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түш. капталындагы арта салма тибиндеги мөңгү. Сарычат суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн экинчи бөлүгү Кызылсуунун алабында (Тескей Алатоонун түн. капталы) жатат. Уз. 4,1 км, аянты 7,7 км2, абляция облусунун аянты 3,0 км2. Көлөмү 0,77 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4960 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Фирн облусу Кызылсуу чокусунун батыш ж-а түн.-батыш капталдарынан башталат. Мөңгү аркылуу Ысыккөлгө кетүүчү ашуу өтөт. Андан агып чыккан суу Сарычат суусуна куят.