География:САРЫКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫКӨЛ — Ички Теңиртоодогу көл. Нарындын алабында, Жаманечкинин Тара гайга куйган жерине жакын жайгашкан. Аянты 1,45 км2; деңиз деңг. бийикт. 3 477 м. Көлдөн суу агып чыкпайт, бирок жер алдынан сарыгуу жолу м-н андан суу кетип турат. Байыркы муз каптоодон калган морена чуңкурунда пайда болгон. Деңгээли жайында көтөрүлүп, кышында төмөндөп турат.