География:КӨКСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКСУУ (чыгыш) – Алай р-нун аймагы аркылуу аккан суу. Чыгыш Кызылсуунун алабына кирет. Алайкуу кырка тоосунан башталат. Уз. 80 км, алабынын аянты 976 км2. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу агат. Өзөнү ичке келип, көптөгөн босоголор кезигет. Ортоңку агымында өзөнү кеңейип барып Кызылсууга куят да андан кийин чыгышты (Кытайды) карай агат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 14,7 м3/сек. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Эркечтам кыш. орун алган.