География:КАРАКОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ – Талас р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Талас суусунун оң куймасы. Уз. 100 км, алабынын аянты 1160 км2. Кыргыз ж-а Талас Алатоолорунун кошулган жеринен башталат. Ири куймалары: Жарташ, Кумбел, Талдыбулак, о. эле ондогон майда куймалары, алабында бир нече майда көл бар. Жылдык орт. чыгымы 7,64 м3/сек; эң көбү 33,9 м3/сек, эң азы 0,95 м3/сек. Апрелдин аягында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылып, бир нече каналга бөлүнөт. Жээгинен Көпүрөбазар, Арал, Чатбазар кыш. орун алган.