География:КАРАКОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ – Ички Теңиртоодогу суу, Чоң Нарындын сол куймасы. Жогорку Нарын тектон. өрөөнүнүн батыш жагында. Нарын р-нун аймагы аркылуу агат. Уз. 51 км, алабынын аянты 585 км2. Борколдой ж-а Чоң Үзөңгүкууш (Кумбел) тоолорунун аралыгында жаткан Жагалмай мөңгүсүнөн башталат. Баш жагында өрөөнү кенен (0,4–0,8 км); Келинтайгак суусуна чейин Жагалмай деп аталат. Ортоңку бөлүгү бийик кашаттуу (7 кашат), төмөнкү агымы капчыгайлуу (0,1–0,2 км). Май – июнь айларында суусу кирип, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Ашуучакыркорум, Туюкчакыркорум (оң), Келинтайгак, Жайык, Бешкашат (сол).