География:АКСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСУУ – Лейлек р-нундагы суу, Сырдарыянын сол куймасы. Уз. 93 км, алабынын аянты 1170 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Айкөлгө жакын жерден башталып, адегенде терең ж-а кууш капчыгай аркылуу түш.-батышты карай агып, андан кийин түндүктү көздөй бурулуп, Фергана өрөөнүнө чыгат. Жогорку агымы Зардалы деп аталат. Ири куймалары: Сумбула, Дакатсуу ж. б. Майда кирип, июлда ташкындайт да, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 3,81 м3/сек; эң көбү – 13,6 м3/сек, эң азы – 1,17 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Андарак кыш. м-н Нау ш. жайгашкан.