География:СӨӨК АШУУСУ
СӨӨК АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде. Сөөк (Тар ж-а Арпанын башы) сууларынын башталышынан орун алган. Бийикт. 4024 м. Ашуу юранын конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен турат. Мойногу түзөң, капталдары анчалык тик эмес. Ашуу июль айында ачылып, августтун аягында жабылат. Мал ашырууда мааниси чоң. Алайкуу ж-а Арпа өрөөндөрүн байланыштырат.