География:ЧАМЫНДЫ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:28, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАМЫНДЫ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын облусундагы дарылык касиети бар минералдуу муздак суу булактары. Чаек кыш-нан 50 км түш.-батышта. Молдотоонун түн. капталында, деңиз деңг.2300–2800 м бийиктикте жайгашкан. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1949-ж. берилген. Суу булактары чыккан аймакта карбон мезгилинин кумдук, чопо, сланец ж-а акиташ тектери таралган. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып, кеңдик багытка созулган антиклиналь структурасын түзүп жатат. Суу акиташ теги м-н чопонун чегиндеги тектон. жаракалардан бири биринен 2 м аралыктагы үч жерден агып чыгат. Суу көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан, тунук, жытсыз газдуу, даамы кычкыл, темп-расы 6,5–7°С. Булактардын дебити 12–17 л/сек. Хим составы б-ча гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү. Микроэлементтерден кремний, стронций, литий ж-а барийге бай. Физ., хим. касиеттери б-ча «Ессентуки-20» ж-а «Кармадон» минералдуу сууларына окшош. Сууну жергиликтүү эл ичүү жолу м-н ичеги-карын ооруларын дарылоого пайдаланышат.