География:МАЙЛЫСАЙ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
МАЙЛЫСАЙ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Жалалабат облусунун Ноокен р-нундагы дарылык касиети бар жылуу суу булактары. Жалалабат ш-нан 50 км түн.-батыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин этегинде, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте. Суу элге илгертен белгилүү. Алгачкы бургулоо жумуштары 1901-ж. жүргүзүлгөн. Минералдуу суу палеоген мезгилинин ар кандай калыңдыктагы (91–348 м) кумдук, конгломерат кабаттарында (майлысай антиклиналынын борб. бөлүгү) жайгашып, тек тон. жаракалар аркылуу жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Бургулоо көзөнөктөрүнөн чыккан суунун дебити 2– 3,5 л/сек. Хим. составы б-ча көбүнчө хлорнатрийлүү, хлор-гидрокарбонат-натрийлүү. Суунун темп-расы 19–22°С, жалпы минералданышы 3,1–20,8 г/л. Булактын суусу түссүз, күкүрттүү суутек жыттанат. Составында Н2S –3,0–24,7 мг/л, көмүртек –4,2 мг/л, азот – 3,5 мг/л, фенол –10 мкг/л. Кырг-нда бирден бир күкүрттүү суутеккөмүртектүү суу. Тери ж-а муун ооруларын киринүү жолу м-н дарылоого жарамдуу. Азырынча жерг. эл гана медициналык кароосуз пайдаланат.