География:БАРБУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:28, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРБУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар, жер астынан чыгарылган жылуу суу. Ысыккөл облусунун Тоң р-нунда, Балыкчы ш-нан 45 км чыгыш, Барбулак кыш-нан 2,5 км түн.-чыгыш тарапта. Ысыккөлдүн жээгинен 600 м аралыкта, деңиз деңг. 1653 м бийиктикте жайгашкан. Суу 1979-жылы бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереңдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоң кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук ж-а алевролит тоо тектериндеги тектон.жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн өзү агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темпрасы 44° С, чыгымы 2,5 л/с, минералдануусу 4,0–4,7 г/л. Хим. составы б-ча сульфат-хлорид-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88–90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Б. м. с. дарылык касиети б-ча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт ж-а ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери ж-а тиш ооруларын киринүү жолу м-н дарыласа болот. Суу 1987-жылдын аягынан баштап бөтөлкөлөргө куюулуп (Балыкчы ш-нан), сатыкка чыгарылууда. Суу чыккан жерде Тоң р-нундагы Карл Маркс айылынын санаторий-профилакторийи иштейт.