География:ЧИЛУСТУН ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:28, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧИЛУСТУН ҮҢКҮРҮ Ош облусунун Араван р-нун аймагында. Чилустун тоосунун түш.-чыгыш капталында, Араван кыш-нан 1,5 км түн.-батыш тарапта жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Карсттык үңкүр үч айрыктан турат; жалпы уз. 400 м. Эң ири айрыгынын уз. 85 м, туурасы 40 м, бийикт.25 м. Ч. ү. – Орто Азиядагы эң кооз үңкүрлөрдүн бири. Анда хемоген чөгүндүлөрүнүн бардык формалары кездешет. Үңкүрдүн 1-айрыгынын боорлорунда санскрит, араб, орус тилдериндеги жазуулар бар. Санскритчеси 17-к-га чейин жазылгандыгы божомолдонот. О. эле жерг. элдердин чырактары ж. б. байыркы буюмдары табылган. Туристтик-экскурсиялык маршруттарды, дарылоо жайларын курууга эң ылайыктуу. Тарыхчылар үчүн да кызыктуу үңкүр. Бирок ичиндеги кооз таштар талкаланып таланып кеткен.