География:СЮРПРИЗ ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СЮРПРИЗ ҮҢКҮРҮ Ош облусунун Ноокат р-нун аймагында. Жалгызарча тоосунун батышындагы Данги каньонунда (шаңшаарда), Аравансай суусунун деңгээлинен 70 м бийиктикте жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тегинде пайда болгон. 1976-ж. А. Я. Жуканин тапкан. Үңкүрдүн жалпы уз. 500 мдей, бийикт. 5 м. Кальциттин кристаллдары өтө көп, айрымдарынын туурасынан кесилиши 15 смге жетет. Терм сууларынын чөкмө тектерди жемиришинен пайда болгон. Минералог, кристаллограф, спелеологдор үчүн өтө кызыктуу үңкүр.