География:БАРИТТҮҮ ҮҢКҮР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИТТҮҮ ҮҢКҮР – Ноокат р-нундагы Төөмоюн тоосунун түш. капталында жайгашкан үңкүр. Үңкүр 1940-ж. акад. Д. И. Щербаков тарабынан табылган. Карбондун акиташ тектүү катмарларында пайда болгон. Эки оозу (жасалма ж-а табигый) бар: атайы казылган оозу 2Ч 2 м ж-а табигый оозу 1,8Ч2 м, тереңдиги 18 м. Үңкүрдү каптаган кальцит м-н бариттин кристаллдары өзгөчө кызыгууну туудурат. 1940-жылдары акад. А. Е. Ферсман изилдеп, анын дүйнөдө кайталангыс жерлери бар экендигин белгилеп кеткен. Азыр анын көп бөлүгү урап бузулган. Суктанаарлык жерлери («белгилүү кристаллдары») сейрек кездешет. «Жапайы» изилдөөчүлөр кооздуктарды жоготууга чоң аракеттерди жасаган.