География:БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ – Ысык-көл өрөөнүндөгү кооз шаркыратма. Барскон суусунун алабында. Барскон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбондун сланец тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10–15 мге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар (четин, тал, итмурун, шилби, сары жыгач ж.б.), жапалак арча өсөт. Бийикт. 24 м. Чоң шаркыратмадан 150 м төмөн, бийикт. 12 м келген кашатта экинчи шаркыратма пайда болгон. Б. ш. туристтер эс алуучу жай. Анда 1962-ж. дүйнөнүн туңгуч космонавты Ю. А. Гагарин болгон.