География:АКӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ
АКӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Балыкчы булуңунун батыш жээгинде. Акөлөң кыш-нан (Тоң р-ну) 6,3 км түн .-чыгыш тарапта. Көлгө карай 2 км кирип жатат, туурасы 3 км. Мурда арал болуп (аянты 66480 м2) жээктен 130 м аралыкта турган (1956-ж .), кийин ага кошулуп, жарым аралды түзгөн. Жарым аралдын аянты 1957-жылдан 1982ж . чейин 0,6749 км2ге, 1981–84-ж. 0,0046 км2ге чоңойгон. Суу астындагы бөлүгүндө 3–5 м тереңдикке чейин кум жалчалары жатат. Кум-шагылдуу жээк жалчалары, сайроондор ж . б . мүнөздүү.