География:ШАМАЛДЫСАЙ ГЭСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ШАМАЛДЫСАЙ ГЭСИ Нарын дарыясында, Ташкөмүр ГЭСинен 14 км төмөнүрөөк жайгашкан. Долбоорун «Гидропроект» ин-ту түзгөн. Суу электр станциясы 3 агрегаттан турат. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 80 МВт. Долбоор б-ча кубаттуулугу 240 МВт. Биринчи агрегаты 1992-ж ., экинчиси 1994-ж ., үчүнчүсү 1996-ж . ишке киргизилген. Суу сактагычынын жалпы көлөмү 40,87 млн м3; пайдалуу көлөмү 5,47 млн м3. Электр энергия өндүрүүсүнөн жылдык орт . көлөмү 900 млн кВт/саат. Пайдаланууга берилгенден 2000-ж . чейин 3,75 млрд саат электр энергиясын өндүргөн.