География:ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫ Нарын д-ндагы Токтогул ГЭСинин плотинасы сууну бууганда пайда болгон. Суу сактагычка 1974-ж . суу толтурула баштаган. Жалпы көлөмү 19500 млн м3. Уз.65 км, эң жазы жери 12 км, эң терең жери 215 м. Суу толгондогу аянты 284,3 км2. Нарын ж-а Сырдарыянын агымын жөнгө салып, кошумча 0,5 млн га жерди сугарууга мүмкүндүк берет. Плотинанын уз.292 м, туурасы 43 м, бийикт. 215 м. Жалпысынан 913 миң га жерди суу м-н камсыз кылат (негизинен Өзбекстандын аймагын). Кырг-ндагы негизги энергетиканын кызыкчылыгы үчүн курулган суу сактагыч .