География:ОРТОТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРТОТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ Кырг-ндагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Нарын облусундагы Кочкор р-нун аймагында. Чүй д-нын нугунда, Балыкчы т . ж . бекетинен 20 км. ВКП(б) БКнын ж-а СССР ЭКСтин 1940-ж. 19-марттагы токтому б-ча курулган. Деңиз деңг. 1700 м бийиктикте. Плотинасы 1941-ж . курула баштап, 1961-ж . аяктаган. Уз. 18 км, эң жазы жери 5 км, терең жери 47 м. Анын суу толгондогу аянты 24 км2, сыйымдуулугу 470 млн м3. Суу сактагычтан алынган суу м-н 120 миң га жер (Кырг-ндын 86 миң га, Казакстандын 34 миң га жери) сугарылат. Секундасына орто эсеп м-н 12,8 м3 суу чыгарат. Плотинасы Төмөнкү Ортотокой капчыгайынын башталышында жайгашкан. Анын бийикт. 52 м. Уз.365 м, туурасы кырына чейин 6 м. Суу чыгуучу тоннели (уз. 567 м, диаметри 4,5 м) капчыгайдын оң жантайышындагы асканын алдында жасалган. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.