География:ЧЫРГАНАКТУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫРГАНАКТУУ МӨҢГҮСҮ — Ички Т еңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Мүдүрүм суусунун алабындагы Кеңтөр суусунун төрүнөн орун алган. Уз. 8,2 км, жалпы аянты 16,2 км2, а. и. абляция облусунун аянты 4,9 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чеги 4460 м. Фирн топтолуучу аянты кеңири, анча бийик эмес тик беттер м-н курчалган оёң сымал цирк. Азыркы мезгилде ал өзгөрүүсүз бир калыптагы абалда.