География:ЧЫГЫШ УЮНТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫГЫШ УЮНТӨР МӨҢГҮСҮ — Ысыккөл өрөөнүндө, Тескей Алатоонун түн. капталында жайгашкан татаалөрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6,3 км, аянты 8,7 км2. Каракол суусунун оң курамы Уюнтөрдүн башында. Башы деңиз деңг. 4850 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Башы татаал цирктерде жатып, анын камералары жылаңач аскалар м-н бөлүнүп, алардан орток мореналар башталат. Мөңгүнүн ортоңку ж-а жогорку бөлүктөрүнүн бети жаракалар ж-а омкорулган муздар м-н татаалданган. 1943- ж-а 1956-ж . аэрофотосъёмканын материалдарын салыштырганда бул мезгилдин ичинде мөңгүнүн «тили» 320–350 мге чегингендиги айгинеленди. Мөңгүдөн Уюнтөр суусу башталат.