География:ЧОҢТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ — Борколдой кырка тоосунун түн. капталында жанаша жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Чоң Нарын д-нын жогорку сол куймасы – Чакыркорумдун алабында. Сол тараптагы мөңгүнүн уз. 4,2 км, аянты 4,3 км2. Башы деңиз деңг. 4880 м, этеги 3940 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4340 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Оң тараптагы мөңгүнүн уз. 4,4 км, аянты 3,0 км . Башы деңиз деңг. 4920 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Абляция облусунун аянты 1,7 км2. Мөңгүлөрдөн агып чыккан өзөн Чакыркорум суусуна оң жактан куят.