География:ЧОҢ БЕШТАШ МӨҢГҮСҮ
ЧОҢ БЕШТАШ МӨҢГҮСҮ — Талас Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,6 км, аянты 3,2 км2. Талас д-нын сол куймасы –Бешташтын төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 3950 м, этеги 3650 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. «Тилинин» морена м-н көмүлгөн бөлүгү 3594 м бийиктикке чейин жатат. Мөңгүдөн Бешташ суусу башталат.