География:УРЯМ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

УРЯМ МӨҢГҮСҮ — Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,9 км, аянты 5,5 км2. Лейлек суусунун алабында. Башы 4900 м, этеги 3370 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Куралуу облусу жазы цирктен орун алып, чыгышка карай жылып чыгып, түндүккө чукул бурулат да, этеги далы сымал жайылып аяктайт. Мөңгүдөн Лейлек суусунун оң куймасы – Урям суусу башталат.