География:ТҮТӨК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТҮТӨК МӨҢГҮСҮ — Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,1 км, аянты 4,6 км2. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3260 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 2,7 км2. Фирн облусу кенен төрдө жатат. «Тилинин» учу калың морена м-н капталган. Мөңгүдөн Актеректин оң курамы Түтөксуусу башталат.