География:ТҮРГӨНАКСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТҮРГӨНАКСУУ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,5 км, аянты 5,1 км2. Башы деңиз деңг. 4630 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3760 м, абляция облусунун аянты 2,9 км2, салааларын кошкондо аянты 10,9 км2ге жетет. Фирн чегиндеги мөңгүнүн эни 1000 м, абляция облусунда 600 м. Куралуу облусунда цирктин дубалы фирн талаасынан 250–300 м гана бийик жатат. Этеги морена м-н капталган. Муз жаракалары бар. Мөңгүдөн Түргөнаксуу суусу (Жыргалаңдын сол куймасы) башталат.