География:ТҮНДҮК КАРАСАЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТҮНДҮК КАРАСАЙ МӨҢГҮСҮ Акшыйрак тоо тоомунун түш.-батыш капталында, Чоң Нарын суусунун сол курамы Карасайдын төрүнөн орун алган. Уз. 12,2 км, жалпы аянты 49,2 км2, а. и. абляция облусунун аянты 11,5 км2. Башы деңиз деңг. 4950 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Акшыйрак тоо тоомунун эки айрыгынын аралыгындагы төрлөрдө жайгашкан. Алар биригип зор татаал мөңгүнү түзөт. Азыр тынымсыз тартылууда. Мөңгүдөн Карасай суусу башталат.