География:ТОПКАРАГАЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОПКАРАГАЙ МӨҢГҮСҮ — Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү. Аларча суусунун оң куймасы–Топкарагайдын төрүндө. Уз. 7,7 км, аянты 6,4 км2. Башы 4560 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3910 м, абляция облусунун аянты 5,0 км2. Этек мореналар даана байкалат. Азыркы мезгилде акырындап артка чегинүүдө. Мөңгүдөн Топкарагай суусу (Аларчанын оң куймасы) ба шта ла т.