География:ТЕРСАГАР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРСАГАР МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,5 км, аянты 3,4 км2, көлөмү 0,3 км3. Кызылсуунун сол куймасы – Алтындара суусунун алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 5480 м, этеги 4500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4700 м, абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн Терсагар суусу (Алтындаранын сол куймасы) башталат.