География:САРЫТӨР МӨҢГҮСҮ
САРЫТӨР МӨҢГҮСҮ — Акшыйрак тоо тоомунун түн.-чыгыш капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаздын ири куймасы – Үчкөлдүн алабынан орун алган. Уз. 5,5 км, аянты 8,8 км2, а. и. абляция облусунун 2,6 км2. Көлөмү 0,616 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3870 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4240 м. С. м-нө 1933-ж. Нарын-Кантеңир экспедициясы байкоо жүргүзгөн. 1933-жылдан өтө тез тартыла баштап, 1943-ж. өзүнчө үч мөңгүгө бөлүнүп кеткен. 1953–57-ж. өрөөндөгү мөңгүлөр 1,54 км2ге кичирейген. Мөңгү азыр да тартылууда. Андан Сарытөр суусу башталып, Сарычат суусуна оң жактан куят.