География:МИҢТЕКЕ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢТЕКЕ МӨҢГҮСҮ Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Исфара суусунун алабында жайгашкан. Уз. 5,4 км, аянты 5,6 км2. Башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3720 м. Абляция облусунун аянты 3,9 км2. Фирн облусу кеңири аймакты ээлеген өрөөн тибиндеги мөңгү. Андан Теминген суусунун оң куймасы – Миңтеке суусу башталат.