География:ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Борб. Теңиртоодо. Түш. Эңилчек мөңгүсүнүн негизги тармагы. Уз. 16,5 км, аянты 91,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 7439 м (Жеңиш чокусу) бийиктикте, 4110 мде негизги мөңгүгө кошулат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Мөңгү бүт бойдон фирн облусунда жатат. Негизги мөңгүнүн өрөөнүндө туурасы 1 км келген тилкени түзөт. Фирн облусу дээрлик Жеңиш чокусунун түн. капталында жатып, тепкич сымал кертилген муз жаракалары м-н татаалданган.