География:ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн ти биндеги мөңгү. Каравшин суусунун алабында жайгашкан. Уз. 5,6 км, аянты 5,6 км2, анын 1,5 км2дейи («тилинин» учу) морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4680 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Жапайы суусу башталып, Каравшин суусуна (Исфаранын оң курамы) оң жактан куят.