География:ЖАНАЙДАРТАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЙДАРТАК МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун сол куймасы Кызылагын суусунун алабында жайгашкан. Уз. 7,2 км, аянты 16,8 км2, көлөмү 0,600 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6640 м, этеги 4300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5100 м, абляция облусунун аянты 5,6 км2. Ж. м. – Корженевский мөңгүсүнүн ири оң тармагы.