География:ГАВА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВА МӨҢГҮСҮ – Ички Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Борколдой кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 4,4 км, аянты 5,1 км2. Чакыркорумдун алабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4880 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийикт. 4290 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгүдөн агып чыккан суу Карасуу (Чакыркорумдун оң куймасы) өзөнүнө куят.