География:БАКАЛАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЛАК МӨҢГҮСҮ – Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 4,2 км, Аянты 6,9 км2. Аравансайдын сол курамы–Чилисай суусунун төрүндө жайгашкан. Жалпы экспозициясы түн.-батышка багытталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляция облусунун аянты 4,5 км2. Мөңгүнүн көлөмү 0,36 км3, калыңдыгы 100 мге жетет. Б. м. 1914–63-ж. 450 мге тартылган. Андан Бакалак суусу башталып, Гезартка (Чилисай суусунун сол курамы) оң жактан куят. 1962–63-жылдарда Ташкен ун-тинин окумуштуулары стационардык байкоолорду уюштурган.