География:БАЙГАЗЫ МӨҢГҮСҮ
БАЙГАЗЫ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,3 км, аянты 4,4 км2. Тескей Алатоонун түн. капталында, Ашуутөр суусунун (Сарыжаз суусунун алабы) төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4380 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Байгазы суусу башталып, Ашуутөр суусуна куят.