География:АЧАКАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧАКАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ – Атбашы кырка тоосунун түн. капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Уз. 2,9 км, аянты 3,4 км2. Атбашы кырка тоосунун эң бийик чокусу Желтегирмендин (4786 м) батыш капталында (Тээк төрүндө) орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4520 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3990 м. Мөңгүнүн «тилинен» 200 м тике ылдый чакан бөгөт көл жатат. 1939-ж. көл бузулуп, сел жүргөн. Мөңгүдөн Ачакайың ды суусу (Атбашынын сол куймасы) башталат.