География:АТЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Эңилчек кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 4,4 км, аянты 5,2 км2. Эңилчек кырка тоосун кыйгачынан кескен Атжайлоо өрөөнүнүн чыгыш капталында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4250 м, этеги 3740 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Эңилчек кырка тоосунун эки тармагынын ортосундагы терең өрөөндө 3 салаага ажырайт. Мөңгүнүн «тили» татаал, өтө тилмеленген. Ири жаракалар ж-а урчуктар кездешет. Сол жагында каптал мореналар даана байкалат (бийикт. 10–12 мге жетет). Мөңгүдөн Атжайлоо (Түндүк) суусу башталып, Эңилчекке сол жактан куят.