География:АТЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,1 км, аянты 17,6 км2. Абляция облусунун аянты 2,4 км2.

Кызылагын суусунун (Кызылсуунун курамы) алабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6080 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Куралуу облусу – Ленин атн. чокунун түндүктү караган тик капталдуу этеги. «Тилинин» учу (3,6 км2дей жери) морена м-н капталган. Мөңгүдөн Кызылсуунун негизги курамынын бири башталат.