География:АРАБЕЛСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБЕЛСУУ МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз 3,5 км, аянты 3,5 км2. Чоң Нарын суусунун курамы Тарагайдын алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4530 м, этеги 3990 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн башталган суу Арабелсуу суусунун алабындагы эки көлдү толуктап турат.