География:АКСУУ МӨҢГҮСҮ
АКСУУ МӨҢГҮСҮ — Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кожобакырган суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,5 км, аянты 6,5 км2, абляция облусунун аянты 3,8 км2. Көлөмү 0,268 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Фирн облусу карама-каршы жаткан эки циркти ээлейт. Каптал моренасын этек моренасы улай, дого сымал жалчаны пайда кылат. Мөңгү чегинүүдө. Андан Аксуу суусу агып чыгып, Акмечит суусунун курамы–Карасууга куят.