География:АКСУУ МӨҢГҮСҮ
— Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 11,4 км, аянты 17,4 км2, абляция облусунун аянты 4.6 км2. Көлөмү 1,6 км3. Исфара суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4500 м, этеги 3140 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3680 м. Этегинин 3,4 кмдей жери калың шагылдуу мореналар м-н капталган. Дого сымал аскалуу тик капталдардан салаалаган мөңгү тармактары кошулуп, бир чоң татаал мөңгүнү түзөт. Четки ж-а аякы мореналар жакшы өөрчүгөн.
Мөңгү жылына 10–15 мге чегинүүдө. Андан Аксуу суусу башталып, Исфаранын сол курамы Каравшинге куят.