География:АЙЛАНЫШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНЫШ МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,8 км, аянты 4,4 км2. Анын «тили» кууш шынаа сымал келип, аскалардын сы ныктары жаап калган. Фирн талаасы тоо кырына чейин көтөрүлүп, андан жылаңач аскалар чыгып жатат. А. мнүн бетинде эки мөңгү көчкүсү даана байкалат. Моренага көмүлгөн муздун кууш тилкеси мөңгү бузулганда кескин кыскаргандыгына күбө болот. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4920 м, этеги 3130 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгүдөн Жетөгүздүн оң куймасы – Айланыш суусу башталат.