География:ӨКҮРГӨНКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ӨКҮРГӨНКӨЛ — Ички Теңиртоодогу тоо көлү. Жетимбел кырка тоосунун түш. капталындагы Тарагай суусунун оң куймасы Өкүргөндүн алабынан 3628 м бийиктиктен орун алган. Аянты 1,15 км2. Төрдөгү чакан төрт мөңгүдөн куралган Сарытөр өзөнү көлдү толуктап турат. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болуп, мореналар м-н бөгөлгөн чуңкурда жайгашкан. Андан агып чыккан суу Сарытөр суусу м-н кошулуп, Өкүргөн суусун түзөт.