География:КУТМАНКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТМАНКӨЛ — Бабашата кырка тоосунун түн. капталындагы көл. Деңиз деңг. 2 837 м бийиктикте жатат. Уз. 1,5 км, туурасы 600 м, аянты 0,1 км2. Бөгөт көлдөрүнүн тибине кирет. Көл чөйчөгү жайгашкан өрөөнчөнүн капталдары тик. Андан Карасуунун сол куймасы Каракол суусу агып чыгат. Көл жаан–чачын, кар сууларынан толукталат.