География:КӨГАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАЛА — Чаткал кырка тоосунун түш.– чыгыш капталындагы көл. Кабасай суусунун төрүнөн орун алган. Аянты 0,84 км2, тереңд. 1 00–130 м. Көл чанагы деңиз деңг. 2 606 м бийиктикте жатат. Гравитациялык жер көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Жээктери зоокалуу, тик. Суусунун темп-расы 19,5–21°Сге жетет. Ноябрда тоңуп, май айында муздан арылат. Көлгө бир нече агын суу куюп, суунун бир аз бөлүгү бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгат.