География:КОҢУРӨЛӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУРӨЛӨҢ, А й д ы ң к ө л – Тескей Алатоонун түн. капталындагы көл, Коңурөлөң – Алабаш өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Деңиз деңг. 1 906 м бийикте жатат. Айланасындагы саздын кеңейишинен соолуп бара жатат. Аянты 0,7 км2. Уз. 2,4 км, туурасы 600–700 м. Тереңд. 1 мге чейин. Көлгө чакан суу куюп, андан агып чыккан өзөн Актерек суусуна оң тараптан куят. Балык бар. Көлдө чиринди заттардын көбөйүп баратышы (айрыкча сапропель) анын чанагынын тез темп м-н кичирейишине шарт түзөт.