География:КАРАСУУ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАСУУ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш тармактары – Кеңкол (түштүгүнөн) м-н Такталык (түндүктөн) тоолорунун аралыгында деңиз деңг. 1 998 м бийиктикте жайгашкан. Карасуунун (Нарын д-нын сол куймасы) башында. Токтогул р-нун аймагында. Аянты 4,2 км2, көлөмү 223,5 млн м3. Эң терең жери 153 м. Көлгө 10 өзөн куят, негизгиси жогору жагындагы Капкаташ көлүнөн агып чыгат. Көл бөгөтү байыркы тектон. жараканын жылышуусунан кийинки ири көчкүдөн пайда болгон. Андан башталган суу бөгөт аркылуу 280–300 м төмөн жагынан сарыгып агып чыккандыктан көлдүн деңгээли 20–25 мге чейин өзгөрүп турат. Жээгинде түз аянттарда мал (негизинен ири мүйүздүү) жайылып, түнөй турган жайга айлангандыктан көлдүн суусу мите курттар м-н булганган. Көлдөгү балыктын баары ооруга чалдыккан.