География:КАПКАТАШ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПКАТАШ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түн.–батыш тармактары – Кеңкол м-н Такталыктын аралыгында жайгашкан. Токтогул р-нун аймагында. Аянты 0,96 км2, суу массасынын көлөмү 2,6 млн м3. Эң терең жери 50 м. Капкаташ өрөөнүндө, деңиз деңг. 2 305 м бийиктикте жатат. Т унуктугу 3 м. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Карасуу көлүн толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет.