География:ЖАШЫЛКӨЛ КӨЛДӨР ТОБУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛКӨЛ КӨЛДӨР ТОБУ Арабел сыртынын батыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун түш. капталындагы Барскон суусунун өтмө өрөөнүндө жайгашкан. 1 ) Эң ириси Барскон ашуусунан 1,5 км түш. тарапта. Деңиз деңг. 3 780 м бийиктикте. Уз. 2,1 км, аянты 0,8 км2. Көлөмү 2,18 млн м3. Эң терең жери 15,5 м. Жогору ж-а төмөн жагынан ча кан көлмөлөр м-н өзөн аркылуу туташат. 2 ) Андан 600 м түш. тарапта экинчи көл жайгашкан. Жогорку көлдөн агып чыккан суу м-н толукталып турат. Арабел суусу да ушул көлгө куят. Аянты 0,1 км2, көлөмү 0,2 млн м3, эң терең жери 2,8 м. 3 .) Барскон ашуусунан 9 км түш.-чыгыш тарапта, Арабел суусунун өрөөнүндө, 3752 м бийиктикте жайгашкан. Көлдөн агып чыккан суу майда көлмөчөлөргө куят. Аянты 0,54 км2, көлөмү 0,857 млн м3, эң терең жери 4,8 м. 4 ) Тескей Алатоонун түш. капталындагы тепши сымал өрөөндө, деңиз деңг. 3 840 м бийикте жайгашкан чакан көл. Аянты 0,657 км2, көлөмү 4,03 млн м3, эң терең жери 15 м. Жалпысынан Ж. к. т. моренадан пайда болгон. Көлдөрдө балык бар.